Жакында эле Кыргызстандагы адамдарда Библияны окумак тургай, Библиялык тексттер менен эне тилинде таанышып чыгуу мүмкүнчүлүктөрү да жок болчу. Бүгүнкү күндө болсо бир нече котормолор бар. Кыргызстандагы Библиялык Коом Жаңы Осуяттын текстин маанисине карай которууда чоң жумуш жасады жана аны 2005-жылы аяктап, 22000 нуска менен таратты. Бирок, бул дагы биздин өлкө үчүн жетишсиз.
Уюлдук түзмөктөрдүн пайда болушу менен, ар бир адамдын мүмкүнчүлүгү жакшырды. Эми жөн гана Библиялык тексттерди жүктөп алып, кыргыз тилинде окуй берсе болот.
Бул макала, колдонмодо Библиялык кайсы тексттер камтылгандыгы жана аны кантип колдонсо болорлугу тууралуу.
Албетте колдонмолордун санын манжалар менен гана санаганга болот, бирок, анткен менен аларга жөн гана жетсе болот жана алардын ар бири өзүнүн өзгөчөлүктөрүнө ээ.
Ыйык Китеп
Ыйык Китеп (Библия) өз ичине кыргыз тилиндеги: Башталыш, Нундун уулу Жашыя, Башкаруучулар, Рут, 1-2 Шемуел, 1Падышачылык, Эстер, Жунус, Инжил (Жаңы Келишим), пайгамбарчылык китептерди жана башка кээ бир китептерди камтыйт. Колдонмолорду жөнөкөй гана туюнуу менен колдонууга болот. Менюдан силер окугуңар келген китептерди тандап аласыңар анан бөлүмдөрдү төмөнкүдөй кадамдар менен тандайсыңар. Болду! Окугандан ырахат алсаңар болот. Айтмакчы, интерфейс колдонмо толугу менен кыргыз тилинде.
[smartslider2 slider=»18″]
Колдонмодо эки өзгөчөлүк бар. Биринчи өзгөчөлүк, анын Интернети жок эле иштегендигинде. Экинчиси, аудио түрүндө да угууга болгондугунда, бирок, ал үчүн Интернет керек болот.
Колдонмону азыр орноткуңар келсе, анда эгерде смартфонуңар Android Google play деген сүрөттү же силерде Айфон болсо, App Store сүрөтүн бассаңар болот.
YouVersion
YouVersion колдонмосу да колдонуу үчүн өтө жөнөкөй. Андагы интерфейс 62 тилге которулган, буюрса жакынкы мезгилдерде интерфейс биздин эне тилибизде да болуп калат. Колдонмо Библиянын 1391 котормосун ичине камтыйт, алардын арасында кыргызча котормо да бар.
Эгерде колдонмонун ичине тексттин баарын алдын ала жүктөп алган болсоңор, анда Библиянын тексти менен онлайнда иштегендей эле, оффлайнда деле иштей берсеңер боло берет. Аудио түрүн угуу үчүн интернет керек болот. Ошондой эле, колдонмонун ичинен бибилиялык фильмдерди көрсөңөр, Ыйык Жазуудагы аяттар менен сүрөттөрдү түзсөңөр жана социалдык желелерде алар менен бөлүшсөңөр да болот. Колдонмо силер Библияны окууга канчалык көп киргениңерди байкап турат жана силердин киргениңер жөнүндө статистиканы берет.
Кыргыз тилиндеги Библияны ошондой эле, YouVersion расмий сайтында да окуса болот, бул тууралуу биз мурдагы макалабызда жазганбыз.
Колдонмону азыр орноткуңар келсе, анда эгерде смартфонуңар Android Google play деген сүрөттү же силерде на картинку Айфон болсо, App Store сүрөттү бассаңар болот.
Кыргыз Инжил
Бул колдонмонун жардамы менен силер ошондой эле, Ыйык Китепти көптөгөн башка форматтарда да жүктөп алсаңар болот: (PDF, EPUB, FB2 и MOBI) электрондук китеби, аудио файлдар, персоналдык компьютер, DVD, жана Java-ME телефонунун милдети да жүктөлгөн. Интернетке туташуу талап кылынат.
Толугу менен кыргыз тилиндеги колдонмо менен аудио түрү да бар. Анын өзгөчөлүктөрүнүн бири, ичинде Библиялык тексттерге кыргыз тилинде берилген комментарийлердин бар экендигинде. Колдонмону андроидде гана колдонсо болот.
[smartslider2 slider=»19″]
Колдонмону орнотуу үчүн Google play сүрөтүн басып койсоңор болот.
And Bible
And Bible колдонмосунда Ыйык Жазууну ага жарыш болгон Библиянын башка да бир нече котормолору менен салыштырып, ой-пикирлерди жана маалымдамаларды кошуп окууга болот. Баардыгы оффлайн режиминде иштейт.
Ал программада котормолор көп болгондугуна байланыштуу, кыргыз тилиндеги котормону табууга аракеттенүү керек. Колдонмону орнотуп алгандан кийин, ал силерге каалаган котормоңорду сунуш кылат. Котормолор алфавиттик тартипте жайгашкан, бирок биздин (дагы бир нече) котормо алфавиттик тартипте эмес, бир топ ылдыйраак жайгашкан. Кыргыз тилиндеги котормолорду тапкандан кийин, орнотуу дегенди басып коюу керек. Алар кыска эле убакыттын ичинде орнотулуп калат, анан колдоно берсе болот. Колдонмо активдештирилген сайын, орнотулган котормо чыгып калат.
[smartslider2 slider=»20″]
Колдонмону андроид менен гана колдонсо болот. Колдонмону орнотуу үчүн Google play сүрөтүн басып койсоңор болот.
Ыйык Китеп
Анан албетте, колдонмолордун тизмесинин башында Ыйык Китеп турат. Кыргыз тилиндеги Библияны окуу үчүн эң жөнөкөй колдонмо. Силердин смартфонуңарда 7 мигабайттан ашык орун ээлебейт. Интернетке туташпай эле иштей берет. Кыргызстандагы Библиялык Коом мүмкүн болушунча колдонмонун жеткиликтүү жана жөнөкөй болушуна аракет кылды.
[smartslider2 slider=»21″]
Эгерде силер интернетке туташкан болсоңор, ал аркылуу биздин сайтка өтүп, ошондой эле менюдан силер гипершилтемелерди таба аласыңар. Же биздин Facebook баракчабызга кошулгула. Убакыттын өтүшү менен, колдонмо кеңее берет да, App Store де да жеткиликтүү болуп калат.
Колдонмону андроидде гана колдонсо болот. Колдонмону орнотуу үчүн Google play сүрөтүн басып койсоңор болот.
Колдонмолор ар түрдүү, ар ким өз табитине жараша орнотуп алса боло берет, негизгиси, Библиялык тексттер бардык жерде бирдей. Колдонмону орнотуп алгыла, Ыйык Жазууну окугула, анткени, “Кудайдын мыйзамы жеткилең, ал жанга күч берет. Теңирдин сөздөрү туура, ал жөнөкөйлөрдү акылдуу кылат” (Забур 18:8).